Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:49

"Ата Мекен" Маевскийди жоопко тартууну талап кылууда


Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

Эгерде орусиялык жаран Леонид Маевский Өмүрбек Текебаевге пара берген болсо ал дагы жоопко тартылышы керек. Бул тууралуу парламенттин 1-марттагы жалпы жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары билдиришти.

- Кылмыш кодексинин 328-беренесине ылайык пара берген адам да жазага тартылышы керек. Эмне үчүн Маевский камалган жок. Текебаев менен Маевскийдин статусу бирдей. Бирин пара берген деп, экинчисин пара алган деп жатасыңар. Экөө тең шектүү. Бирок, бирин камап, экинчисин бошотуп койдуңуздар, - деп нааразы болду депутат Каныбек Иманалиев.

Башкы прокурор Индира Жолдубаева Леонид Маевский арыз берүүчү экенин, тергөөнүн жүрүшүндө анын бул кылмыш ишиндеги орду, ролу жана аракеттерине да укуктук баа берилерин айтты.

Каныбек Иманалиев Леонид Маевский ортомчу катары Маматкеримовго акча бергенин айтып жатканын, бирок анын көзү өтүп кеткендиктен кайсы негизде калгандары кармалып жатканына кызыкты. УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевдин жообу төмөнкүдөй болду:

- Маматкеримов бир эпизод. Андан тышкары дагы бир нече эпизод бар. 700 миң турат. Бирок, анын ким аркылуу берилгенин тергөө кызыкчылыгына байланыштуу айта албайм. Биз эмне үчүн "Мегакомдун" акцияларынын 49 пайызы улутташтырылып, 51 пайызы сыртта калып калган деген соболго юридикалык негиз издедик.

Сегизбаев "Мегаком" компаниясынын 51 пайыз акциясынын мамлекетке өтпөй калганына Текебаевдин күнөөсү барбы деген суроого жооп бере алган жок.

Парламент ушул тапта "коррупция" жана "шылуундук" беренелери боюнча айыпталып, эки айга УКМКга камалган "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин маселесин талкуулап жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG