Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Акаев: Текебаевге каршы жазгандар арасында эл ишенгендер барбы?


Жанарбек Акаев
Жанарбек Акаев

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Жанарбек Акаев "Ата-Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевге каршы көрсөтмө бергендер арасында кимдер бар экенине кызыкты.

Бүгүн парламенттин жыйынында УКМК жана Башкы прокуратура башчыларына суроо берип жатып ал:

- Абдулла Юсупов, Рыкунова, Маевский, Модин деп жатабыз. Көрсөтмө бергендер арасында булардан башка да адамдар ишене тургандары барбы? Же жалаң эле ушундай адамдарбы? - деди.

Текебаевди жана "Ата Мекен" партиясын мародерлукка жана "Мегаком" боюнча алдамчылыкка тиешеси бар деп айыптаган Кыргызстандын жарандары Абдулла Юсупов жана Раушан Рыкунова өзүлөрү түрдүү кылмыштарга байланыштуу сот жообуна тартылган жарандар экени белгилүү.

Ал эми Текебаевдин камакка алынышына себепчи болгон орус жараны Леонид Маевский Орусияда жалган жалаа үчүн жоопко тартылганын ММКлар жазууда.

УКМК жана Башкы прокуратура Текебаев кылмышка аралашканы тууралуу далилдер бар экенин билдирүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG