Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Кытай чек арачылары кыргыз айдоочуларына кар күрөтүүдө


Иллюстрация
Иллюстрация

Кытай чек арачылары кыргыз айдоочуларына кар күрөтүүдө. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Жүк ташуучулар бирикмесинин төрагасы Толубай Досбаев билдирди.

Досбаев буга байланыштуу Кытайда кыргызстандыктардын укугу корголбой жатканын белгилеп, өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги өз милдетин аткарбай жатканына көңүл бурду.

Ал арада Ошто Айдоочулар бирикмесинин төрагасы Надир Токторов Кытайда камалган айдоочуларга байланыштуу Транспорт жана жол министрлигинин жетекчилигин иштен алууну талап кылган иш таштоо пландалып жатканын билдирди.

Токторовдун белгилешинче, учурда Кытайда 30 оор машине камакта жатат. Ар бир машине үчүн күн сайын миң сомдон Кытай казынасына төлөшүүдө. (YI)

XS
SM
MD
LG