Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:12

АКШ башкы прокурору Орусия элчиси менен байланышын четке какты


Жефф Сешнс
Жефф Сешнс

АКШнын башкы прокурору Жефф Сешнс Дональд Трамптын шайлоо компаниясы учурунда Орусиянын элчиси менен байланышкан деген маалыматты туура эмес деп билдирди.

Буга чейин "Вашингтон пост" гезити Сешнс сенатор кезинде былтыр эки ирет Сергей Кисляк менен жолукканын жазган.

Шаршембиде Өкүлдөр палатасындагы демократтардын лидери Нэнси Пелоси башкы прокурордун отставкасын талап кылды. Пелосинин айтуусунда, Сешнс конгрессте ант берип, шайлоо алдында орусиялык расмий адамдар менен кездешпегени жөнүндө калп айтты.

Башкы прокурор шайлоону талкуулоо үчүн орус бийликтери менен эч качан жолугушпаганын билдирди.

Президент Дональд Трамп өзү да өнөктөштөрүнүн Москва менен байланыштары бар деген маалыматтарды четке кагып келатат.

Президенттин кеңешчиси Майкл Флинн Кисляк менен байланыштары тууралуу толук эмес маалымат бергенин моюнга алгандан кийин өткөн айда кызматынан кеткен.

Орусия бийлиги АКШдагы шайлоого таасир этүүгө аракеттенген деген америкалык атайын кызматтардын дооматтарын төгүнгө чыгарууда.

XS
SM
MD
LG