Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:05

Европарламент улутчул Ле Пенди депутаттык иммунитеттен ажыратты


Марин Ле Пен.
Марин Ле Пен.

Европарламент франциялык ашынган улутчулдардын лидери Марин Ле Пенди депутаттык кол тийбестиктен ажыратты. Мындай чечим Француз прокуратурасынын өтүнүчү менен болгон добуш берүүдөн кийин кабыл алынды. 2015-жылы Ле Пен Твиттерге "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмунун мүчөлөрүнүн сүрөттөрүн жайгаштырып, алар жараткан коркунучка каршы күрөшүүгө үндөгөн. Саясатчыны зордук -зомбулукту пропагандалоодо деп айыпташкан.

Бирок ал депутаттык иммунитеттен пайдаланып, прокуратурага баруудан баш тартып койгон. Ле Пен айыптоолорду саясий деп мүнөздөп келет. "Улуттук фронт" деп аталган партиянын жетекчиси Ле Пен апрелдеги президенттик шайлоодо ат салышаарын билдирген. Сурамжылоолор көргөзгөндөй, ал биринчи айлампаны жеңиши мүмкүн, бирок экинчи турда утулат деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG