Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:44

Украинада көмүр кени жарылып сегиз киши мерт болду


Көмүр кени.
Көмүр кени.

Украинанын батышындагы көмүр кенинде жарылуудан кеминде сегиз жумушчу мерт кетти. Өзгөчө кырдаалдар кызматы маалымдагандай, Львов облусундагы кырсыктан алты кенчи жараланды, 20 киши дайынсыз болууда.

Куткаруучулар аларды 550 метр тереңдиктеги жер алдынан издеп жатышат. Жарылуудан кийин шахта урап калды. Мамлекеттик "Львовуголь" ишканасына таандык кен Польша менен чек арага жакын жерде жайгашкан. Украин премьер-министри Володимир Гройсман Львовго жол тартканын анын маалымат өкүлү билдирди.

XS
SM
MD
LG