Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:13

АКШнын башкы прокурору президенттик шайлоону иликтөөдөн четтеди


Жеф Сешнс.
Жеф Сешнс.

АКШнын юстиция министри - башкы прокурор Жеф Сешнс өткөн жылкы президенттик шайлоого Орусиянын ыктымал кийлигишкенин иликтөөдөн өз ыктыяры менен четтеди. Бул тууралуу ал бейшембиде өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.

Сешнс мындай иликтөөгө байланыштуу бардык документтерди жана көрсөтмөлөрдү өздөштүрүп чыкканын билдирип:

- АКШ президентин шайлоого Орусия аралашканын жана орусиялыктар менен президенттикке талапкердин чөйрөсүндөгү адамдардын байланышта болгонун иликтөө ишине аралашпоону чечтим.

Президенттик шайлоо учурунда Жеф Сешнс талапкер Дональд Трамптын кеңешчиси болгон. Учурда юстиция министри катары ФБР жүргүзүп жаткан тергөө ишин тескейт. Сешнс укуктук маселелер боюнча Сенат комитетинин бардык кошумча суроолоруна жооп берүүгө даяр экенин билдирди.

Буга чейин "Вашингтон пост" гезити ал былтыр эки ирет Орусиянын АКШдагы элчиси Сергей Кисляк менен жолукканын жазган. Бул маалыматтан кийин 1-мартта Өкүлдөр палатасындагы демократтардын лидери Нэнси Пелоси башкы прокурордун отставкасын талап кылган.

Сешнс Сенат комитетинди Орусиянын өкүлдөрү менен жолукпаганын билдирген болчу. Ал жооптун чын экенин билдирип, орусиялык өкүлдөр менен шайлоо тууралуу сүйлөшпөгөнүн айтты. Ал Орусиянын элчиси менен эки ирет жолукканын, бирөөсү өтө кыска болгонун белгилөөдө. Айтымда, жолугушуулардын бири Сенаттагы иш бөлмөсүндө эки жардамчысынын көз алдында болгон. Сешнстин ырасташынча, жолугушууларда терроризм жана диний топтор маселеси, Украинадагы абал тууралуу сөз болгон. "Сүйлөшүү чыңалган мүнөздө өткөнүн" белгилеген Сешнс сөз арасында шайлоо тууралуу айтылып кетүүсү ыктымалдыгын билдирди.

Сешнс иликтөөдөн өз каалоосу менен четтерден мурун президент Трамп юстиция министрине ишенерин, ал иликтөөдөн чыкпашы керектигин ырастаган.

XS
SM
MD
LG