Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Илим Карыпбековго кан куюу керек


Эки күн мурун автокырсыкка кабылган Илим Карыпбековго кечээтен бери алты литрге жакын кан куюлду. Бул тууралуу ал дарыланып жаткан Травматология жана ортопедия борборунун жетекчиси Сабыр Жумабеков "Азаттыкка" билдирди:

- Кандын курамында альбумин деген зат бар. Азыр Илимге ошол альбумин зарыл. 100 грамм альбумин алуу үчүн 34 донордун каны керек болот. Кечээ 200 грамм альбумин, андан тышкары тазаланган алты литр кан куюлду. Канга муктаждык күчүндө.

Жумабековдун айтуусунда, Илим Карыпбековдун абалы жакшырууга баратат. Акыл-эси тунук, сүйлөөгө жарайт. Азырынча жакындарынан башкалар менен жолугууга уруксат жок.

Коомдук телеканалдын жетекчиси Илим Карыпбековдун автоунаасы 1-марттын түнүндө Бишкектеги түштүк магистралда кырсыкка кабылган. Карыпбеков унаасын өзү айдап бара жаткан. Салондо андан башка киши болгон эмес.(ZKo)

XS
SM
MD
LG