Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:22

Камактагы оппозициячылардын соту соңуна чыгууда


Оппозицияны колдоочулардын пикети.
Оппозицияны колдоочулардын пикети.

"Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деп айыпталып жаткан камактагы оппозициячылардын адвокаттары аларды актоону талап кылууда.

Адвокаттардын бири Акин Токталиевдин "Азаттык" радиосуна билдиришинче, Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Дастан Сарыгуловго байланышкан ишти териштирүүнү аяктап калды. Бул аптада тараптардын жарыш сөзү бүтүп, айыпталуучуларга акыркы сөз берилди. 7-мартта аларга сот өкүмү угузулушу ыктымал.

Бирок, адвокаттар сот мыйзам бузуу менен жана негизсиз жабык өткөнүн, камактагылардын күнөөсү далилденбегенин билдирип жатышат.

Мамлекеттик айыптоо Кадыров менен Асановду 15 жыл, Карыбековду 22, Сарыгуловду 12 жыл күчөтүлгөн тартипте абакка кесүүнү сураган.

Булардын ичинен Дастан Сарыгулов гана былтыр бир нече ай УКМКнын абагында отуруп, ден-соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган. Калганы камакта. (NT)

XS
SM
MD
LG