Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:24

Казак парламенти конституциялык өзгөртүүлөрдү жактырды


Назарбаев мурда бийлик укуктарды өзүнө топтоп келсе, эми кайра бөлүштүрүүдө.
Назарбаев мурда бийлик укуктарды өзүнө топтоп келсе, эми кайра бөлүштүрүүдө.

Парламенттин жактыруусунан өткөн мыйзам долбоор боюнча президенттин ыйгарым укуктарынын айрымдары эми парламент менен өкмөттүн ортосунда бөлүштүрүлөт.

Президент Нурсултан Назарбаев өзү сунуш кылган өзгөртүүлөр экинчи окуудан 6-мартта каралат деп күтүлүүдө:

-Менин тапшырмамдын негизинде өкмөт даярдаган мыйзам долбооруна ылайык, президенттен аткаруу бийлик органына кошумча 35 ыйгарым укук берилет. Конституцияда каралган 23 ыйгарым укукка кошумча мыйзамдарда жазылган дагы 35 ыйгарым укук өкмөт менен парламентке өткөрүлөт. Алардын катарында экономиканы, каржыны, мамлекеттик мүлктү башкаруу, административдик-аймактык маселелер бар, - деди Назарбаев 3-мартта парламентте сүйлөгөн учурунда.

Назарбаев Казакстандын Конституциясы өзгөртүүлөрүн, алдыда президент негизинен улуттук коопсуздукка, тышкы саясатка көңүл бурарын, “жогорку арбитрлик" ролду аркалай турганын 25-январда жарыялаган.

76 жаштагы Назарбаевдин Конституцияны бул жолу өзгөртүүсү болочоктогу саясий өткөөл жараянга көмөктөшө алышы мүмкүн кадам катары да бааланып жатат. (UE)

XS
SM
MD
LG