Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Кадамжай: өкмөт жол кырсыктарын алдын алууга убада берди


Кадамжайда болгон жол кырсыктарынын бири.
Кадамжайда болгон жол кырсыктарынын бири.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков менен транспорт министри Жамшитбек Калилов Кадамжайда нааразылык акциясына чыккан жарандар менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн "Азаттык" радиосуна билдиришти.

Өкмөт өкүлдөрү жол кырсыгы көп катталып жаткан аймактарды кыдырып, алдын алуу аракеттери көрүлөрүн, жол белгилери, тосмолор орнотуларын убада берген.

Кадамжай шаарынын жашоочулары буга чейин Ош-Баткен-Исфана жолун тосууга аракеттенип, кырсыктар үчүн күйүүчү май ташыган автоунааларга нааразылык билдиришкен. Маселени чечпей жатат деп транспорт министринин иштен кетишин талап кылышкан.

Ош-Исфана жолунун Көк-Талаа-Пүлгөн участкасында жол кырсыктары көп катталып, киши өмүрүн алган учурлар арбын болот. Элдин айтышынча, жол кырсыктарына көбүнчө күйүүчү май тарткан автоунаалар себеп болууда. Өткөн жумада Кадамжай шаарынын кире беришинде оор жүк ташуучу машине оодарылып кетип, жергиликтүү эки тургундун өмүрү кыйылган. (JsA/NT)

XS
SM
MD
LG