Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:20

Ирак күчтөрү Мосулдагы беш көпүрөнүн экөөн ээледи


Ирак күчтөрү.
Ирак күчтөрү.

Рейтердин 6-марттагы маалыматы боюнча, Ирак өкмөттүк күчтөрү аль-Хурриа көпүрөсүн “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунан бошотту. Ал көпүрө аркылуу шаардын эски борборуна карай жол ачылат. Учурда шаардын батыш тарабын экстремисттик топтун жоочулары көзөмөлдөп турат.

Ирак аскерлери 27-февралда Тигр дарыясындагы беш көпүрөнүн бирин көзөмөлүнө алган. Бул көпүрөлөр согуштун айынан катуу талкаланган. Бирок Ирак бийлиги аларды оңдоп, Мосулдун чыгыш жагынан батышына жүк ташууга жол ачууну көздөөдө. Ирак өкмөттүк күчтөрүнө Кошмо Штаттар баштаган коалиция абадан колдоо көрсөтүүдө. Ошондой эле шиит милициясы жана күрт пешмерга тобу да жардам берүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG