Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Казак парламенти Конституцияны өзгөртүүнү колдоду


Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөргө ылайык, Казакстанда президенттин айрым ыйгарым укуктары өкмөт жана парламентке берилет.

6-мартта казак парламенти кабыл алган мыйзам долбооруна президент Нурсултан Назарбаев кол койгондон кийин күчүнө кирет. Ал өзү мурда андай өзгөртүүнү сунуштаган.

76 жаштагы Нурсултан Назарбаев совет мезгилинен бери бийликте калган жалгыз лидер болуп жатат. Ал социалдык жана экономикалык маселелер боюнча милдет жана жоопкерчиликти өкмөт жана министрликтерге берүүнү сунуштаган. Президенттин сунушун бийликти жеңил өткөрүүгө багытталган дегендер да бар. (AiT)

XS
SM
MD
LG