Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:11

Президент Атамбаев "Азаттык" радиосун сындады


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Президент Алмазбек Атамбаев 6-мартта Бишкектеги "Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында маданият кызматкерлерине сыйлык тапшыруу иш-чарасында сүйлөгөндө "Азаттык" радиосу ушак таратып, элди бөлүп-жарууга аракет кылат деп айыптады.

- “Азаттык” деген ыйык атты жамынып алып, Америка конгресси тарабынан каржыланган радио мен жөнүндө ушак таратып, Америкадан алган акчасын абдан актап жатат! Атамбаевдин кымындай илинчеги болсо тийиштүү документтер “Азаттыкка” дароо түшмөк, эчак парламентке жеткирилмек. ЦРУ эшек такалап жүрөт дейсиңерби!? Атамбаевди аңдыгандар көп!

"Азаттык" радиосу 64 жылдан бери обого чыгат. Кыргызстанда "Азаттык медиа" деп каттоодон өткөн. Учурда радио, сайт жана ТВ платформасында маалымат таратат. Журналисттер эл аралык стандарттарды сактап, бейтараптуулук принцибин кармашат.

Эркин Европа/Азаттык радиосунун вице-президенти жана баш редактору Ненад Пейж кыргыз президентинин айтканына ""Азаттык" радиосу журналистиканын жогорку стандарттарын сактайт, эгер кайсы бир материал так эмес экени тастыкталса, биз аны алып салууга даярбыз" - деп жооп берди.

XS
SM
MD
LG