Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:54

Телеканалдардын жетекчилери президентке кайрылышты


Кыргызстандагы бир катар телеканалдардын жетекчилери президентке кайрылуу жолдоп, жергиликтүү медиа өндүрүшүн колдоп берүүсүн өтүндү. Кайрылууда санариптик телеберүү шартына өткөндө айрым чет өлкөлүк телеканалдар санарип топтомуна жергиликтүү телеканалдардын катарында кирип жатканы кооптондурары айтылган.

"Мындай телеканалдар чет өлкөлүк ТВ берүүлөрдү тартып берет жана мыйзамсыз, уурулук менен алынган тасмаларды көрсөтүү менен эфирин толтурушат. Ошол эле учурда жарнама аркылуу киреше табуу укугуна ээ. Бул телеканалдардын өздөрүнө тиешелүү берүүлөрү жок, ошол эле учурда алар өздөрүн Кыргызстандын теле өкүлү деп атаганы мыйзамсыз",- деп белгиленген кайрылууда.

Жергиликтүү телеканалдар атамекендик медиа өндүрүшүндө иштеп, кыргызстандык көрүүчүлөрдү өздөрүнө тартуу үчүн көптөгөн чыгым коротуп жатканын ырасташып, телеканалдардын жарнама аркылуу акча табуусуна бөгөт коюлуп жатканына тынчсызданууда.

Кайрылуу ээлери президент Алмазбек Атамбаевден өткөн жумада Жогорку Кеңеште каралган жергиликтүү телеканалдарды колдоого багытталган мыйзам долбоорун колдоп берүүсүн өтүнүшкөн.
Кайрылууга КТРК, НТС, ЭлТР, 5-канал жана башка бир катар телеканалдардын жетекчилери кол коюшкан.

Парламентте маалымат каражаттары тууралуу үч мыйзамга өзгөртүү киргизүү каралууда. Журналисттер менен медиа активисттер мыйзамдын жарнама кабыл алуу шарттары боюнча беренесинен чочулап, санарипке кошулган чет өлкөлүк телеканалдар бир шартта жарнама кабыл алса, жергиликтүү каналдар жарнамадан куржалак калышы мүмкүн экенин ырастоодо.(ZKo)

XS
SM
MD
LG