Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:36

Абдирасулова: Кунакунов кайрадан кыйноого кабылууда


Максат Кунакунов.
Максат Кунакунов.

Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Максат Кунакунов өзүн карцерге камап, кыйнашканын укук коргоочу Азиза Абдирасуловага айтып берген. Укук коргоочунун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун жана Кыйноолорго каршы улуттук борбордун өкүлдөрү 7-мартта аталган тергөө абагына кирип, Максат Кунакунов менен жолугуп чыгышты:

- Максат Кунакунов менен жолуктук. Аны карцерге "сыртта өтүп жаткан митингге колдоо көрсөтүп жатасың" деген себеп менен камашканын, ошол жерде беш күн суукта, сызда, жука кийимдер менен кармашканын айтып берди. Кунакунов карцерге камалганда эле ачкачылык жарыялап, Башкы прокурордун, атайын прокурордун, Акыйкатчынын жана Кыйноолорго каршы улуттук борбордун дарегине кат жазган экен. Бирок ал каттары абактан тышкары чыкпаптыр.

Абдирасулованын айтуусунда, Максат Кунакунов тергөө абагында өмүрүнө коркунуч туулуп жатканын да билдирген. Анын кыйноого кабылганы тууралуу маалыматтарды Жаза аткаруу кызматы жокко чыгарууда.

Кунакунов 2015-жылы жайында “террорчулукка кол кабыш кылган, курал-жарактарды мыйзамсыз сактаган, мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенген жана карактоо" өңдүү айыптар менен камакка алынган.

Бишкектеги Биринчи Май райондук соту Максат Кунакунов жана анын өнөктөштөрүнө 27-январда өкүм чыгарып, Кунакуновду 10 жылга эркинен ажыраткан. Максат Кунакунов өзүнө тагылган айыптарды мойнуна албай, буга чейин да УКМК тергөө абагында кыйноолорго дуушар болгонун ачыкка чыгарган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети анын айткандарын төгүндөгөн.(BkA/ZKo)

XS
SM
MD
LG