Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:54

Кабулдагы аскер госпиталына кол салуу жоопкерчилигин ИМ тобу алды


Аскер госпиталына кол салуу.
Аскер госпиталына кол салуу.

АКШнын Ооганстандагы элчилигине жакын жайгашкан госпиталга 8-мартта кол салуудан төрт киши өлдү. Кол салууга жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алды.

Коргоо министрлигинин маалымат катчысы генерал Давлат Вазиринин кабарлашынча, Сардар Мохаммад Дауд Хан госпиталында ок атуу жана жардыруудан кийин ага канча адам кирип барганы белгисиз. Кол салгандар дарыгерлердин кийимин кийип алып, чабуул жасашкан.

Коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда госпиталдын экинчи, үчүнчү кабатында атышуу жүрүп жатат. 400 орундуу аскерий госпиталга жакын жерде жарандык эки оорукана да жайгашкан. Саламаттык сактоо министрлиги азыркы мезгилге карай кол салууда жарадар болгон алтымыштан көп киши жакынкы ооруканага жеткирилгенин маалымдады. Ооганстан президенти Ашраф Гани чабуулду айыптады. (AiT)

XS
SM
MD
LG