Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Текебаев парламентти таркатууга жол бербөөгө чакырды


Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Мындай пикирин камакта жаткан саясатчы Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңешке жасаган кайрылуусунда билдирди. Ал Жогорку кеңештин мүмкүнчүлүгү барган сайын кеңейип, талкуулардын деңгээли сапаттуу боло баштаганы президентти чочулатып жатат деп белгилеген.

"Орчундуу чечимдерди кабыл алууда жана коомдук-саясый мааниге ээ курч көйгөйлөрдү чечүүдө, ошондой эле мамлекеттин туруктуулугуна, коомдогу бейпилдикке, стабилдүүлүккө карата күтүлчү күтүүсүз жагдайларды, коркунучтарды жайгарууда парламенттеги жеке таасири, каалаган учурда каалагандай калчаган дарамети кескин жоголуп баратканын Алмазбек Атамбаев сезип жатат" деп айтылат кайрылууда.

Ошондой эле Өмүрбек Текебаев кайрылуусунда президент Атамбаевдин Жогорку Кеңешти “таратам” дегени – анын бийликте калуу аракети деп баалаган.

Өмүрбек Текебаев кайрылуусунда парламент мүчөлөрүн Жогорку Кеңешти таркатууга жол бербөөгө чакырып, өзүн эмес, мамлекетти, эл шайлаган жогорку органдын кадырын сактаганы үчүн парламентке ыраазычылыгын билдирген.

“Ата Мекен” фракциясынын убактылуу төрагасы Алмамбет Шыкмаматов бүгүн Жогорку Кеңеште Өмүрбек Текебаевдин кайрылуусун окуп берүүнү суранып, маселени добушка койгондо депутаттар аны колдогон жок.

Жыйында КСДП фракциясынын депутаты Марат Аманкулов соңку күндөрү президент Алмазбек Атамбаевди негизсиз каралоо аракеттери көбөйдү деп билдирди. Мамлекет башчынын саясаты кимдир бирөөлөргө жакпай жатканын айтты:

- Президенттин саясаты - келерки президенттик шайлоого тынч жетүү жана бийликти тынч өткөрүп берүү. Деструктивдүү күчтөр деп аталган аткаминерлердин, саясатчылардын катарын тазалоо, коррупционерлерден арылуу, коррупцияга каршы күрөш программасын максималдуу түрдө ишке ашыруу болуп саналат, - деди.

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев "Ата Мекен" фракциясы Жогорку Кеңешти саясий аянтка айландырып жатат деп айыптады.

Ал эми президенттик аппаратын маалымат кызматы бөлүмү Текебаевдин парламентке кайрылуусу жана анда айтылгандар боюнча комментарий бере элек.

Президент Алмазбек Атамбаев 6-мартта "Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруу жыйыны эмес, ушак чыгаруу жыйыны болуп калды” деп айтып, айрым партияларды "сасыган партия", кээ бир адамдарды "мародер" деп атаган. Ошондой эле түпкүлүгүндө парламентти таратуу демилгесин колдой турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG