Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:27

Батумидеги кагылышта 21 адам жараат алды


“Рустави-2” телеканалы нааразылыкка чыккандар жергиликтүү полициянын имаратына чабуул жасап, унааларын өрттөшкөнүн кабарлады.
“Рустави-2” телеканалы нааразылыкка чыккандар жергиликтүү полициянын имаратына чабуул жасап, унааларын өрттөшкөнүн кабарлады.

Грузиянын Батуми шаарында демонстранттар менен полициянын кагылышынан кеминде 21 адам жараат алды. Курорттук шаардагы кагылыш унаа токтотуучу жайга айыппул төлөөгө байланыштуу чырдан чыккан.

Жашоочулардын бири унаа токтотуучу жайга айыппул төлөөдөн баш тарткан.

Аны полиция кызматкерлери кармоого аракет кылганда жакындары каршылык көрсөтүп, тартип коргоочуларды таш менен урушкан.

“Рустави-2” телеканалы нааразылыкка чыккандар жергиликтүү полициянын имаратына чабуул жасап, унааларын өрттөшкөнүн кабарлады.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазышынча, жаштардан куралган демонстранттарга полиция көздөн жаш агызчу газ, резина окторду колдонду.

Батуминин саламаттыкты сактоо мекемесинин жетекчиси Заал Микеладзенин маалымдашынча, кагылыштан 11 полициячы жана 10 тургун жараат алып, ооруканага кайрылды.

Грузиянын ички иштер министри Гиорги Мгебришвили абалды тынчтандыруу үчүн бир нече адам кармалганын билдирди.

Оппозициялык саясатчылар болсо шаарда кичинекей мыйзам бузуулар үчүн ири айыппулду киргизүү ушундай карама-каршылыкка алып келгенин айтып чыгышты.

Батуми өлкөдөгү чоңдугу боюнча экинчи жана Кара деңиздин жээгиндеги курорттук шаар.

XS
SM
MD
LG