Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:34

"Азаттык": Биз коомдук жайларда жасалган билдирүүлөрдү кабарладык


"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун вице-президенти жана башкы редактору Ненад Пейдж кыргыз кызматын сотко берген Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын эки арызы тууралуу пикирин билдирди.

"Эки учурда тең биз коомдук жыйындарда жасалган айыптоо фактыларын кабарлаганбыз. Дароо ал фактылар боюнча кыргыз президентинин администрациясына кайрылып, алар комментарий берээр замат жарыялап турдук. Өз атыбыздан эч кимди айыптаган жокпуз", - деп белгиледи эл аралык медиа уюмдун башкы редактору.

Кыргызстандын Башкы прокурору Индира Жолдубаева "Азаттык" радиосун 13-февралда жарыяланган "Текебаев Кипрдеги оффшордо Атамбаевдин мүлкү тууралуу маалымат тапканын билдирди" (орус тилиндеги жаңылык) жана 1-мартта жарыяланган "Ата-Мекендин юристтери: Текебаевдин камалышы анын Кипрдеги сапарына байланыштуу" (орус тилиндеги жаңылык) деген кабарлардан улам сотко кайрылып, президент Атамбаевдин ар-намысына шек келтиргени үчүн редакциядан бардыгы 20 миллион сом моралдык компенсация төлөтүп берүүнү суранган.

Кыргызстандын Массалык маалымат каражаттары тууралуу мыйзамынын 6-бөлүмүнүн 26-беренесинде "маалымат каражаттары коомдук жыйындарда жасалган билдирүүлөрдү сөзмө-сөз жарыялаганы үчүн жоопко тартыла албайт" деп жазылып турат.

XS
SM
MD
LG