Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:23

“Мүлк” ишканасы талаштуу объекттер боюнча иш жүргүзөт


Мамлекеттик Мүлктү башкаруу фондунун алдында “Мүлк” ишканасы түзүлдү. Бул тууралуу аталган ишкананын директорлугуна дайындалган Орозбек Нусувалиев “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, ишкана буга чейин мамлекеттин карамагында болгонуна карабай, бюджетке киреше алып келбеген талаштуу объекттерди иретке салуу жаатында иш алып барат. Ишкана учурда ишин баштады.

“Көптөгөн ишканалар мыйзам боюнча мамлекетке караштуу болсо да, иш жүзүндө кайсы бир адамдарга гана пайда алып келип жатат. Ушундай ишканаларды мамлекеттин пайдасына иштетип, маселелерин оперативдүү чечүү максатында “Мүлк” ишканасы ишин баштады. Алар талаштуу объекттер боюнча да иш алып барат” деди Нусувалиев.

Нусувалиев кошумчалагандай, ишкана “Ак Кеме” мейманканасын, Бишкектин мурдагы мэри Нарима Түлеевдин сот чечиминин негизинде мамлекетке өткөрүлгөн мүлктөрүн, “Кыргыз темир жолу” ишканасына караштуу “Локомотив” муз аянтчасы сыяктуу имараттардын өлкө бюджетине пайда алып келүүсү боюнча иштерди баштаган. (BkA)

XS
SM
MD
LG