Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:22

Токтогулдун акими айыл өкмөт шайлоого кийлигишпегенин айтууда


Токтогул району.
Токтогул району.

Райондун акими Майорбек Сатымкулов "Өзгөрүш" айыл аймагынын башчысын шайлоого кийлигишкен эмес. Анын ырасташынча, шайлоо депутаттардын жыйынга толук катышпаганы үчүн өтпөй калды.

- Эки жолу тең буларда кворум болбой калды. Эки гана талапкер бар, башка дагы талапкер кошулду деген калп. Биринчиден, аким шайлоого аралаша албайт, талапкер көрсөтө албайт. Экинчиден, шайлоо системасына кире албайт. Үчүнчүдөн, шайлоого киргендерге токтом акимден чыкпайт, буйрук да чыкпайт,- дейт Майорбек Сатымкулов.

Буга чейин "Өзгөрүш" айыл аймагынын башчылыгын шайлоого аким кийлигишип, айыл аймактын башчылыгына талапкер Абдыбек Бекишовго жергиликтүү кеңештин көпчүлүк депутаттары добуш берип жеңүүчү болгонуна карабай, шайлоо комиссиясы анын жыйынтыгын кабыл албай койгону кабарланган эле. Бул маалыматты талапкер өзү да ырастаган.
Быйылкы жергиликтүү кеңештерге шайлоодон кийин айыл өкмөттөрүн шайлоого бийлик, "каралар" аралашып жатканы башка аймактарда да кабарланган болчу.(ZKo)

XS
SM
MD
LG