Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:15

Ак үй алдына соодагерлер митингге чыгышты


Ак үй алдындагы митинг. Сүрөт teznews.kg сайтына таандык.
Ак үй алдындагы митинг. Сүрөт teznews.kg сайтына таандык.

Бишкектеги "Дыйкан" базарынын соодагерлери бүгүн Ак үй алдына митингге чыгып, өз кызыкчылыктарын коргоону талап кылышты.

Алар Фучик көчөсүн оңдоо иштерине байланыштуу жабылганына нааразылык билдиришти. Акция катышуучулары жолду бир тилкесин жаап, экинчисин ачып коюуну суранып жатышат. Ошондой эле Ленин райондук акимчилиги сатуучулардын маселесин чечиши керек деген талап коюшту.

Аталган базарда миң чамалуу адам иштейт. Митингге элүүдөн ашуун киши келди.

“Дыйкан" базарындагы коопсуздук жана санитардык эрежелер сакталбаган жагдайдан улам Бишкек мэриясы былтыр аны жабуу боюнча эскертүү берген.

Базар 2008-жылы “Кыргыз темир жолу” ишканасынын аймагында ачылган. (SE)

XS
SM
MD
LG