Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:42

"Ата Мекен" демократияны коргоого чакырды


Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы бийликке кайрылып, саясий басым көргөзүүнү токтотууга чакырды.

Фракция катчылыгы бүгүн тараткан билдирүүдө "Мамлекет оор жол аркылуу, адамдарды жоготуу менен жетишкен демократиялык баалуулуктарды колдон чыгарбашыбыз керек!" деп айтылат.

Билдирүүдө фракция ошондой эле президент Алмазбек Атамбаевге өз атаандаштарын мазактоону, жалпыга маалымдоо каражаттарын ооздуктоону, сотторго басым кылууну токтотууга үндөп, коомчулукту сөз эркиндигин коргоого чакырган.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 26-февралда жемкорлукка шектелип камалган. Президент Алмазбек Атамбаев 6-мартта мамлекеттик резиденцияда сыйлык тапшыруу аземинде парламентти ушак таратуучу жерге айланды, айрым депутаттарды "мародер", партияны "сасык" деп айткан.

"Атамекенчилердин" билдирүүлөрүн жарыялаганы үчүн Башкы прокуратура "Азаттык" радиосун, Zanoza, 24.kg сайттарын сотко берген.

Парламенттеги КСДП фракциясынын айрым өкүлдөрү эл шайлаган президентти мазактоо, такталбаган маалыматтарды таратуу туура эместигин белгилешет.(SE)

XS
SM
MD
LG