Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:37

Аида Салянова сурак берип чыкты


Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде сурак берип чыкты. Бул тууралуу "Азаттыкка" анын адвокаты Улан Жумаков билдирди. Салянова УКМКга бүгүн саат 15:50дө кирген.

Аида Саляновага юстиция министринин милдетин аткарып турган кезинде 2010-жылы Максим Бакиевдин санаалашы Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып берген деген себеп менен Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тергеп жатат.

Салянова мыйзамды бузбаганын айтып, айыпты четке кагып келет. Анын 1-февралдагы алгачкы сурагы дээрлик беш саатка созулган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG