Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:45

Дача СУ айылынын тургундары митингге чыгышты


Бишкектин четинде авиакырсыктан жабыркаган Дача СУ айылынын тургундары бүгүн митингге чыгышты. Учак кыйраткан жерге чогулган эки жүздөй адам айыл элин коопсуз аймакка көчүрүүнү талап кылып жатышат.

Өкмөттүн Чүй облустук ыйгарым өкүлчүлүгү азырынча бул маселе карала электигин, негизги көңүл үйү кыйраган кишилерге жардам берүүгө бурулуп жатканын "Азаттык" радиосуна билдирген.

16-январда Бишкектин четиндеги Дача СУ айылына "Боинг-747-400" жүк учагы кулап, 39 адам кайтыш болгон. Анын отуз беши айыл тургундары эле. Жыйырмадан ашуун үй кыйраган. Жабыркагандарга жардам берүү үчүн өкмөт ачкан банк эсебине соңку маалыматтар боюнча элден 96 миллион сомдон ашуун акча чогулду. Каражат топтоо уланууда.

Кулаган учак Түркиянын АСТ авиакомпаниясына таандык болгон. Аталган ишкана жабыркагандарга кенемте төлөп берүүгө убада кылган. Азырынча бериле элек.

Андан тышкары, президенттин фондунан кырсыкка туш болгон ар бир үй-бүлөгө 100 000, өкмөт башчынын фондунан 70 000, спикер фондунан 80 000 сомдон берилери айтылган. (SE\NT)

XS
SM
MD
LG