Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:47

"Дыйкан" базарынын соодагерлери жол оңдоого нааразы болуп жатышат


Бишкектеги "Дыйкан" базарында иштеген соодагерлер жол оңдоого нааразы болуп, түндө адистер казган көчөнү бүгүн өз алдынча бүтөп жатышат.

Алар Фучик көчөсүн оңдоо иштерине байланыштуу жабылышы базардын ишмердигине залакасын тийгизип жатканын белгилеп, каршылык көрсөтүшүүдө. Ондогон соодагерлер 13-мартта Ак үй алдында да митинг өткөрүшкөн. Түндө да жол оңдоо иштерине тоскоолдук кылууга аракет кылышкан.

Алар жолду бир тилкесин жаап, экинчисин ачып коюуну суранып жатышат. Ошондой эле Ленин райондук акимчилиги сатуучулардын маселесин чечиши керек деген талап коюшкан.

“Дыйкан" базарындагы коопсуздук жана санитардык эрежелер сакталбаган жагдайдан улам Бишкек мэриясы былтыр аны жабуу боюнча эскертүү берген.

Базар 2008-жылы “Кыргыз темир жолу” ишканасынын аймагында ачылган. Анда миң чамалуу адам иштейт. (SE\SDz)

XS
SM
MD
LG