Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

Фарид Ниязов Улуттук кеңештин курамынан чыгарылды


Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов
Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов

Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамынан Фарид Ниязов чыгарылды. Кеңешке Президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков жана анын орун басары Элвира Сариева кирди.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, президент Алмазбек Атамбаев тийиштүү жарлыкка бүгүн, 14-мартта кол койду.

Фарид Ниязов 1-мартта Президенттик аппараттын башчысы кызматынан бошотулуп, Атамбаевге кеңешчи болуп дайындалган. Анын ордуна аппарат башчы болуп Сапар Исаков келген.

Президентке караштуу Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш 2012-жылы түзүлгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG