Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:08

Ардагерге кол салууга шектүү аялдар сурак берүүдө


Бишкекте Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери, окумуштуу, 91 жаштагы Леонид Тузовду кыйноого алып, тоноого шектелген эки аял сурак берүүдө. Алардын үстүнөн Кылмыш кодексинин 168-беренеси, "Карактоо" боюнча кылмыш иши козголгон.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна билдиргендей, алардын бири 45 жашта, Чүй облусунун тургуну. Экинчиси 18 жашта, Бишкекте жашайт.

Шектүүлөрдөн ардагерге таандык буюмдар жана 90 миң сом чыккан.

Леонид Тузовдун үйүнө 13-мартта белгисиз аялдар кирип, аны байлап, 180 миң сомун, медал-ордендерин тоноп кетишкен. Кылмыштын бетин ачууну ички иштер министри көзөмөлүнө алган.

Бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев президенттик фонддон Тузовго 200 000 сом берүүнү тапшырды. (SE)

XS
SM
MD
LG