Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:43

Ат-Башыдагы кар баскан сарайларда 26 адам бар


Иллюстрация
Иллюстрация

Нарындын Ат-Башы өрөөнүндөгү айылдарга бороон айдап келген кар күрткүлөрү тазалана элек. Аймактагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Азат Капатов "Азаттык" радиосуна билдиргендей, шамал токтобой жаткандыктан, тазалоо иштеринен майнап чыкпай турат.

Ак-Музга жакын 13 кыштоого алып барган жолду кар жаап калган.

- 13 сарайды борошо басып турат. Ал жакта 26 адам бар. Алардын абалы жакшы, дайым байланыштабыз. Көчөдө автоунаада жүрүүгө мүмкүнчүлүк жок. Адамдар күрткүнүн үстүндө жөө каттап жатышат,- деди Капатов.

Өрөөндө 12-марттан бери кар жаап, ага кошумча бороон айдап келген кар күрткүлөр эки метрден ашты. Айрыкча, Ак-Муз жана Өзгөрүш айылдарында түйшүк жаралып, тургундар өкмөттөн жардам сурап жатышат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тазалоо аракеттери убагында эле башталганын, бирок бороонго байланыштуу тазалоо мүмкүн болбогонун билдирген. Жумуш шамал басылганда улантылат. (MiK\SE)

XS
SM
MD
LG