Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:12

Пакистан акыркы жыйырма жылдагы алгачкы эл каттоого киришти


Эл каттоонун башталышы. Карачи, 15-март, 2017-жыл.
Эл каттоонун башталышы. Карачи, 15-март, 2017-жыл.

Каттоо 15-майда аякташы керек. Бул ишти тейлеген башкы расмий өкүл Асиф Бажванын айтымында, каттоого Пакистанда жашаган ооганстандык бир миллиондой качкын да алгачкы жолу камтылмакчы.

Каттоо иши күчөтүлгөн коопсуздук чаралары астында жүргүзүлүп, бул ишке 200 миңдей аскер кызматчысы да тартылат.

Пакистан - дүйнөнүн калкы эң көп алтынчы өлкөсү. 1998-жылкы каттоодо 180 миллиондой калкы болсо, андан бери азыр 200 миллиондон ашып калды деп болжолдонууда.

Эл каттоону дээрлик 20 жылга жеткизбестен жүргүзүү аракеттери согушкерлердин аракеттеринен, коопсуздуктун жоктугунан улам кийинкиге калтырылып келген.

Анын жыйынтыктары келерки жылдагы парламенттик шайлоо алдында саясий чек араларды кайра кароого, парламенттеги орундарды, федералдык бюджеттин акчасын бөлүштүрүүгө негиз болуп берет. (UE)

XS
SM
MD
LG