Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:19

ЕБРР Өзбекстан менен кызматташтыкты күчөтүүнү көздөйт


ЕБРР президенти Сума Чакрабарти.
ЕБРР президенти Сума Чакрабарти.

Европадагы Өнүгүү жана реконструкция банкынын президенти Өзбекстандагы үч күнкү сапары учурунда каржы уюму менен бул өлкөнүн “карым-катышын” күчөтүү жолдорун талкуулайт. Бул тууралуу банк президенти Сума Чакрабарти өзү билдирди.

Анын Ташкенттеги жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрү 15-17 мартка мерчемделген.

Мурдагы президент Ислам Каримовдун учурунда саясий жана экономикалык реформалардын жоктугунан, адам укуктарынын абалы боюнча тынчсыздануулардан улам Өзбекстан менен ЕБРРдин кызматташтыгы жакшы жүргөн эмес эле.

Банк Өзбекстандын долбоорлорун чектелген өлчөмдө гана каржылап, 2007-жылдан тарта бул өлкөдөгү ишмердигин токтоткон.

Эми ЕББР президенти Чакрабарти белгилегендей, алардын Өзбекстан менен кызматташтыгынын күн тартибинде аймактык интеграция, орто жана чакан ишканаларды, жашыл энергия, энергияны үнөмдөө долбоорлорун каржылоо маселеси турат.

Кызматташтыктын ыктымал жолдорун талкуулоо үчүн банк делегациясы Ташкентке өткөн айда да барып кеткен. (UE)

XS
SM
MD
LG