Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:23

Беларуста “бекерпоздор салыгына” каршылардын акциясы уланууда


Минсктеги жүрүш. 15-март, 2017-жыл.
Минсктеги жүрүш. 15-март, 2017-жыл.

Борбор Минскте бүгүн түштөн кийин да улуттук майрам - Конституция күнүнө тушташ 2000ден ашуун адам жыйналды.

Митингдин жүрүшүндө президент Александр Лукашенконун дарегине багышталып “кет” деген чакырыктар айтылды.

Лукашенко өзү “социалдык паразиттер” үчүн деп атаган салыктан улам тутанган нааразылык толкуну оппозиция лидерлеринин, журналисттердин камалышына алып барды.

Беларус бийликтеринин бул чаралары АКШ жана Евробиримдик тарабынан сынга алынууда.

Бийликтер буга чейин 100дөн ашуун адамды кармап, алардын ондогондорун абакка кести.

Нааразылык акциялары президент Лукашенко “бекерпоздор салыгын” жыйноо 2018-жылга чейин токтотулат деп жарыялаганына карабай уланып жатат.

Оппозиция демонстрациялары буга чейин Беларуста негизинен эл аралык байкоочулар бир да жолу эркин жана адилет деп тааныбаган шайлоолордон кийин өтүп келген.(UE)

XS
SM
MD
LG