Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:09

Депутат Төрөбаев Кыргыз-орус өнүгүү фондунун ишмердигин сындады


Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Кыргыз-орус фондунун акча берүү саясатын өзгөртүүнү сунуштады. Мындай пикирин бүгүн парламенттеги жалпы жыйында айтып, экономикалык өсүүнү камсыздоого багытталган фонд "ишмердигин максаттуу жүргүзбөй жатат" деп сындады.

- Фонд тар чөйрөгө иштеп турган элиталык бизнес коомуна айланды. Колунда бар адамдарга гана иштеп калды. Бул фонд эмнеге ачылган? Орусия тарап акчасын бергенде, Евразия экономикалык биримдигинин базарына Кыргызстанды адаптациялоо максаты айтылган. Бирок андай болбоду? Эмне үчүн фонддун каражатына эл аралык деңгээлдеги лабораториялар ачылбай жатат? Эмнеге айыл-чарбасына колдоо көрсөтпөйт? Бизде айыл-чарба гана бар. Ошондуктан Кыргыз-орус өнүгүү фонду ушул багытта иштеш керек.

Аталган фонддун басма сөз кызматы депутаттын айткандарын негизсиз экенин "Азаттык" радиосуна билдирип, фонд ачылгандан бери 676 долбоорго 202 миллион доллар бөлүнгөнүн маалымдады. Анын 30 пайызы айыл чарба өндүрүшүнө берилген.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду кыргыз экономикасын Евразия экономикалык биримдигинин шарттарына ыңгайлаштыруу максатында 2015-жылы түзүлгөн. Ага Орусия өкмөтү 1 миллиард доллар бөлүп, өндүрүштү жандандырууга жеңил шарттагы насыяларды берет деп айтылган. (SE)

XS
SM
MD
LG