Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:14

Голландия: шайлоодо азыркы өкмөт башчынын партиясы алдыга чыкты


Гаага.
Гаага.

Премьер-министр Марк Рюттенин партиясы ашкере оңчул жана анти-исламчыл Гирт Вилдерстин партиясынан алдыда экенин алдын ала санактар көрсөтүүдө. Түркия менен чоң дипломатиялык жаңжалга кириптер болгон Голландияда парламенттик шайлоо 15-мартта болду. Добуштардын 90% саналгандан кийин Рюттенин Эркиндик жана демократия үчүн элдик партиясы 150 орундуу парламентте 33 мандатка ээ болмокчу.

Бул 2012-жылы алынган 41 мандатка караганда аз, бирок шайлоо алдындагы сурамжылоолорго караганда көбүрөөк. Вилдерстин Эркиндик партиясы 20 мандатка ээ болот. Европа лидерлери, анын ичинде Германия канцлери Ангела Меркел, Европа Биримдигинин комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер Рюттени жеңиши менен куттуктады.

Миллиондогон голландиялыктар шайлоого активдүү катышты. Ага катышкандар 2012-жылы 75% болсо, бул ирет 81% чыккан. (AiT)

XS
SM
MD
LG