Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:21

Узарбек Жылкыбаев өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп дайындалды


Узарбек Жылкыбаев.
Узарбек Жылкыбаев.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү кызматына КСДП фракциясынан депутат Узарбек Жылкыбаев дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 17-мартта аны жамаат менен биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев тааныштырмакчы.

Облусту 2016-жылдын январынан тартып жетектеп келаткан Аскат Акибаев өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арызын 16-мартта жазып, ага өкмөт башчы кол койгон.

Ал эми Узарбек Жылкыбаевден кийин социал-демократтардан депутаттыкка тизме боюнча президенттин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов турат. (NT)

XS
SM
MD
LG