Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:41

Аксы: Кара-Жыгач айылында элдик жыйын өтүүдө


Аксы. Кара-Жыгач айылындагы элдик жыйын. 17-март, 2017-жыл.
Аксы. Кара-Жыгач айылындагы элдик жыйын. 17-март, 2017-жыл.

"Азаттык" радиосунун кабарчысы билдиргендей, Кара-Жыгач айылындагы Жеңижоктун музейинин алдындагы жыйынга катышып жаткандардын саны 300 чамалуу. Ага жергиликтүү эл келген. Ошондой эле "Сөз эркиндигин коргоо комитетинин" өкүлү Равшан Жээнбеков, укук коргоочу Турсунбек Акун, парламент депутаты Каныбек Иманалиев, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Азимбек Бекназаров, Эмилбек Каптагаев да катышууда.

Жыйын болгон жерде эки-үч милиция кызматкери жүрөт. Учурда райондун Кара-Суу айылынын тургуну, уюштуруучулардын бири Майрамбек Батыркулов Аксы окуясы тууралуу баяндама жасап жатат.

Ал бүгүн Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү үчүн барган президенттик аппарат жетекчиси Сапар Исаков менен өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду да чакырганын, бирок алар келбегенин билдирди. Жыйында президентке жана спикерге ачык кайрылуу жолдонуп, саясий куугунтукту, саясий тирештерди, коомчулук арасындагы бөлүнүп-жарылууну токтотууга чакырыктар айтылды. (RsK/NT)

XS
SM
MD
LG