Кыргызстанда 18-мартта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын болот. Күндүз кээ бир райондордо жаан карга айланат, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, жолдор тоңголок жана күрткү болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10;
Суусамырда түнкүсүн -20…-25, күндүз -6…-11;
Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10;
Баткенде түнкүсүн -1…+4, күндүз 7…12;
Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 7…12;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7 градус жылуу;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27, күндүз -3…-8 градус суук.
Бишкекте 18-мартта түнкүсүн жаан, кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4 - 9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз 8…10 градуска чейин жылыйт.