Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:58

Кыргыз-тажик айылдары Ноорузду белгилешти


Сүмөлөк жасаган энелер. Баткен
Сүмөлөк жасаган энелер. Баткен

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагында «Сиздин үйүңүзгө тынчтык» деп аталган иш-чара уюштурулуп, коңшулаш эки эл биргеликте майрам өткөрдү.

Айыл аймак башчысы Саатбек Эгембердиев чек арадагы ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулган майрамдык иш-чарага коңшулаш айылдардын тургундары, маданий кызматкерлер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышканын билдирди. Мындан тышкары эки өлкөнүн балбандары үчүн көкбөрү уюштурлуп, белектер ыйгарылды.

Ноорузга карата иш-чаралар Бишкектеги бир катар мамлекеттик мекемелерде да өтүп жатат. Алсак, бүгүн Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматы майрамга утурлай сүмөлөк жасоодо. Борбордогу Көк-Жар кичирайонундагы стадиондо бүгүн театралдаштырылган көрсөтмө жана спорт жарыштары өтөт.(JsA/SDz)

XS
SM
MD
LG