Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:23

Милиция Би-би-синин кабарчысын кое берди


“Азаттыкка” белгилүү болгондой, жөө жүрүш учурунда Бишкек милициясы тарабынан кармалган Би-би-синин кабарчысы Абдыбек Казиев кайра кое берилди.

Бүгүн “саясий укуктар жана сөз эркиндиги үчүн” тынчтык жүрүшүнө чыккандардын активдүү мүчөлөрүн милиция автобуска салып кармап кеткен. Кармалгандардын арасында “Эркин эл” саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков жана партия мүчөсү Айбек Мырза, энергетика жаатындагы эксперт Расул Умбеталиев, эксперт Азамат Аттокуров жана дагы бир нече адам бар.

Милиция азыркыга чейин кармалгандар тууралуу расмий маалымат бере элек.

Кармалгандардын өздөрүнүн айтуусунда, бүгүн алардын ишин Свердлов райондук соту карайт.

Бишкектеги тынчтык жөө жүрүш Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында жыйынтыкталды. Коомдук активисттердин, саясатчылардын катышуусундагы жөө жүрүш саясий укуктар жана сөз эркиндиги үчүн деген ураан алдында эртең менен Жеңиш багында башталган. (SDz)

XS
SM
MD
LG