Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:18

АКШ: учакка электрондук жабдык алып кирүүгө чектөө коюлат


Чикаго аэропорту
Чикаго аэропорту

АКШнын өкмөтү Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадан Америкага багыт алган аба каттамдарында телефондон чоңураак электрондук жабдыктарды учактын бортуна алып кирүүгө убактылуу тыюу салганы жатат.

Иордания аба жолдорунун билдирүүсүнө ылайык, мындай чектөө 21-марттан тарта иштей баштайт. АКШнын расмийлери бул эреже сегиз өлкөнүн он аэропортуна тиешелүү экенин билдирип, өлкөлөрдү ачык аташа элек.

Эрежеге ылайык, бул өлкөлөрдөн АКШга түз бара турган аба каттамдарда телефон жана медициналык жабдыктардан башка бардык электрондук аппараттар бортко киргизилбейт. Алар багажга салынышы керек болот.

CNN кабарлагандай, мындай убактылуу чарага “Ал-Каида” террордук тобу Араб жарым аралынан чыккан каттамдарды бутага алганы жатат деген маалыматтар себеп болду.

XS
SM
MD
LG