Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:53

Жапаровдун тарапташтары милицияга каршы арыз жазган жок


Садыр Жапаровдун тарапкерлерин милиция кармоо учуру. 25.03.2017
Садыр Жапаровдун тарапкерлерин милиция кармоо учуру. 25.03.2017

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайындагы Садыр Жапаровдун 12 тарапкери милицияга доосу жок экенин айтышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” кыйноолорду алдын алуу борборунун директору Нурдин Сулайманов билдирди. Кармалгандар арасында Садыр Жапаровдун агасы жана баласы бар. Алардын баары 25-марттагы митинг учурунда ур-токмокко кабылганын айтып, андан бери кыйноолор болбогонун билдиришти:

- Кечээ кечки саат жетиден онго чейин ошол жакта болдук. Он эки адамдын ичинен эки баланын көзү-башы көк ала экен. Алар кармоо учурунда күч колдонду деп айтып жатышат. Бардыгын адвокаттары бар экен.

Буга чейин ИИМ митингде 105 адам кармалганын, алар коомдук тартипти бузганы үчүн "бейбаштык", "милиция кызматкерлерине кол көтөрүү", "мүлккө чыгым келтирүү" беренелери боюнча айыпталып, иш козголгонун жарыялаган.

Маалыматка караганда, 26-мартта Биринчи май райондук соту чогулган материалдардын негизинде алардын ишин карап, 64 кишини эки суткадан беш суткага чейин камакка алды. Эки митингчиге эскертүү берилип, калгандары сүйлөшүүлөрдөн кийин коё берилген.

12 адамга кылмыш иши козголуп, Бишкек Шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына алынып келинген. Бүгүн сот алардын баш коргоо чарасын карайт. (SDz)

XS
SM
MD
LG