Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:21

Кадамжай: жол кырсыгында 28 жоокер жаракат алды


Иллюстрация
Иллюстрация

Баткен облусунун Кадамжай районунун борборунда аскерлер түшкөн автоунаа кырсыкка кабылып, 28 адам ооруканага жеткирилди. Алардын төртөөнүн абалы оор. Бул тууралуу райондук акимчиликтен "Азаттык" радиосуна билдиришти. Маалыматка караганда, машине Кадамжайдын кире беришиндеги курулуп жаткан үйдү сүзүп токтогон. Анын ичиндеги жоокерлер Оштон Баткен облусундагы аскердик бөлүктөрүнүн бирине машыгуу үчүн баратканы айтылды.

Райондук оорукананын башкы дарыгери Эркин Апазов кырсыкка кабылгандар арасында оор жараат алгандар бар экенин, учурда операция жасалып жатканын "Азаттык" радиосуна билдирди.

"Азаттыктын" аймактагы кабарчысынын билдиришинче, бул үйдү февралда да күйүүчү май ташыган автоунаа сүзүп алган.

Кадамжай шаарынын жашоочулары өткөн айда жол кырсыктары көбөйүп жатат деп нааразылык акцияга чыгышкан. (JsA/NT)

XS
SM
MD
LG