Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:21

Сирияда стратегиялык аэропорт согушкерлерден бошотулду


Сирияда АКШ колдогон күрт жана араб альянсынын күчтөрү "Ислам мамлекети" экстремисттик тобун стратегиялык Табка аэропортунан сүрүп чыгарды. "Сириялык демократия күчтөрү" аттуу аскердик түзүм аба майданга толук көзөмөлүн орнотушканын билдирди.

Эми бул аэропорт Табка суу сактагычындагы согушкерлерге сокку уруу үчүн пайдаланылмакчы. Бирок согушкерлер чабуул жасалса, суу сактагыч жарылып кетиши мүмкүн экенин эскертишти.

Азыр күрт-араб күчтөрү жихадчылардын Сириядагы де-факто борбору - Ракка шаарын курчоо аракетин көрүүдө. Президент Башар Асаддын өкмөтү операция алар менен координациялануусу зарылдыгын айтып жатышат.

Согушкерлер Табка аэропортун 2014-жылдын август айында Сирия өкмөтүнөн тартып алышкан. "ИМ" тобу дал ушул жерде 200 өкмөттүк аскерди ырайымсыздык менен өлтүрүп, видеону интернетке таратып жиберген.

Сирияда 2011-жылдын март айында башталган жарандык согуш 320 миңден адамдын өмүрүн алды.

XS
SM
MD
LG