Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Казакстанда "Иегова күбөлөрүнүн" тарапкери соттолууда


Соттолуучу Теймур Ахмедов жана анын адвокаттары сот залында, 27-март.
Соттолуучу Теймур Ахмедов жана анын адвокаттары сот залында, 27-март.

27-мартта Казакстандын баш калаасы Астанада "Иегова күбөлөрүнүн" бир тарапкеринин соту болду. 60 жаштагы Теймур Ахмедовду январь айында Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери кармап кетип, ага улут жана диндер аралык кастыкты козутту деген айып таккан.

Ахмедов күнөөсү жок экенин ырастап жатат. Адвокаттар соттолуучуну рак илдетине байланыштуу дароо бошотуу өтүнүчүн келтиришти. Судья бул өтүнүчтү четке кагып, кийинки соттук териштирүүнү 6-апрелге белгиледи.

Ахмедов күнөөлүү деп табылса 10 жылга абакка кесилиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG