Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:53

Ооганстандын Коргоо министрлиги 1400 кишини кызматтан алды


Ооганстандын коргоо министринин орун басары Хилалуддин Хилал.
Ооганстандын коргоо министринин орун басары Хилалуддин Хилал.

Ооганстандын Коргоо министрлиги соңку бир жылда пара алды деген кине менен 1400 адамды кызматтан алды. Бул тууралуу министрдин орун басары Хилалуддин Хилал 28-мартта билдирди. Анын айтымында, министрлик коррупцияга каршы күрөшүү үчүн олуттуу кадамдарды жасап, 1394 адамды ишке алды. 300дөй киши жоопкерчиликке тартылды.

Учурда министрлик мекеменин структураларындагы коррупция боюнча түшкөн 1800дөй арызды иликтеп жатат. 170тей окуя боюнча иш укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.

Бир күн мурда коррупцияга айыпталып генерал-майор Мухаммад Моин Факир камакка алынганы маалымдалган.

Ооганстан дүйнөдөгү эң коррупциялашкан өлкө катары саналат. Бул өлкө Transparency International уюмунун коррупция боюнча баяндамасында 176 өлкөнүнүн ичинен 169-орунду ээлеген.

Президент Ашраф Гани өкмөттө жана коопсуздук кызматтарындагы коррупцияны жок кылууга убада берген.

XS
SM
MD
LG