Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:43

Өмүрбек Текебаев камакта калды


Жогорку Сотто бүгүн “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин адвокаттарынын доо арызы каралды.

Жогорку Соттун маалымат кызматы тараткан билдирүүгө ылайык, адвокаттар мыйзамда каралган даттануу мөөнөтүн өткөрүп жибергенине байланыштуу соттук коллегия ишти өндүрүштөн кыскартты.

Ошондуктан Текебаевдин баш коргоо чарасынын туура же туура эмес тандалгандыгы боюнча маселени Жогорку Сот караган жок.

27-февралда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Текебаевдин УКМК тарабынан кармалышын мыйзамдуу жана негиздүү деп таап, эки айга тергөө абагында камоо чечимин чыгарган. Ага ылайык оппозиция лидери 25-апрелине чейин камакта калган.

Бул чечимди 9-мартта Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган.

Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевге 2010-жылы орус жаранынан миллион доллар алган деген шек менен “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. (SDz)

XS
SM
MD
LG