Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Болот Шер: УКМК мени чакырышын күтүп жатам


“Ата Мекен” партиясынын лидерлеринин бири Болот Шер мародерчулук боюнча ишти бийликтин оппозицияны куугунтуктоо үчүн ойлоп тапканы деп сыпаттады. Ал 2010-жылы талап-тоноочулук болуп жатканда күч түзүмдөрүн жетектеп, карактоого баргандарды атуу боюнча буйрук бергенин жана мародерчулукка каршы күрөштүн башында өзү турганын айтты:

- Мен бүгүн ден соолугума байланыштуу дарыланууга учуп кетишим керек эле. Аэропорттон кармап алып “Шерди качып баратканда кармадык” деп чуу салышарын билип турам. Андыктан күтүп жатам, качкан жерим жок, УКМК кызматкерлери мени чакыра берсе болот.

Атайын кызматтын басма сөз өкүлү Рахат Сулайманов "Ата Мекен" партиясынын бүгүнкү билдирүүлөрүн кылмыш жоопкерчилигинен качуу жана саясий өңүткө буруу аракети деп баалады. Ошондой эле "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрүнүн мародерчулукка тиешеси бардыгы тууралуу далилдер алынганын белгиледи.​

УКМК 2010-жылдагы талап-тоноочулук боюнча козголгон кылмыш ишти 16-марттан тарта өзү иликтей баштаганын кечээ маалымдаган. Анын алкагында 28-мартта “Ата Мекен” партиясынын Жогорку Кеңештеги мурдагы депутаты Райкан Төлөгөнов камакка алынганы белгилүү болгон.

Мародерчулук боюнча ишти буга чейин Ички иштер министрлиги иликтеген.

2013-жылы парламенттик комиссия талоончулукка “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев менен Болот Шердин кыйыр түрдө, ал эми Туратбек Мадылбеков менен Райкан Төлөгөновдун түздөн-түз тиешеси аныкталганын маалымдаган.

Болот Шер бул комиссиянын корутундусун абсурд деп бааласа, Райкан Төлөгөнов өзүнө коюлган айыптарды "саясий атаандаштардын ойдон чыгарганы" деп билдирген. (SDz)

XS
SM
MD
LG