Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Батыш Украинадагы Польша консулдугуна кол салынды


Луцк шаарындагы Польшанын башкы консулдугунун имараты.
Луцк шаарындагы Польшанын башкы консулдугунун имараты.

Украинанын түндүк-батышындагы Луцк шаарында Польшанын башкы консулдугуна белгисиз адамдар ок чыгарып, имараттын терезелери жана чатыры жабыркады.

24маалымат агенттигинин жазганына караганда, окуя 29-марттын таңында болгон. Жабыркагандар тууралуу азырынча кабар жок.

Жергиликтүү телеканалдардын билдиришинче, полиция окуя болгон жерден РПГ-22 гранатасынын капкагын тапкан.

Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин кол салуу боюнча нааразылык билдирип, аны "Биздин Польша менен болгон достубугуздун душмандарынын колунан келди" деп айтты.

Климкин Твиттердеги баракчасына Украина бийлиги күнөөлүүлөрдү таап, жазалоого даяр экенин жазды.

XS
SM
MD
LG