Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:30

Москва соту Навальныйды камакта калтыруу чечимин өзгөрткөн жок


Полиция оппозиция лидери Алексей Навальныйды кармап кетүүдө.
Полиция оппозиция лидери Алексей Навальныйды кармап кетүүдө.

Москва шаардык соту полиция офицерине каршылык көрсөттү деп айыпталган оппозициялык лидер Алексей Навальныйды 15 күн камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды.

Навальный 26-мартта Москванын борборунда өткөн коррупцияга каршы уруксатыз митингде кармалып, эртеси баш калаанын Тверь райондук соту ага коомдук тартипти бузууга алып келген уруксат берилбеген митингдерди уюштуруу айыбы боюнча 20 миң рубль (350 доллар) айып пул салган.

Оппозиционер ошондой эле полиция кызматкерине баш ийбөө үчүн 15 суткага камалды. Ал өзү жана адвокаты сот адилетсиз болду дешүүдө.

Өкмөт шаардык бийлик Москванын борборунда марш жана митинг өткөрүүгө уруксат бербегендиктен, мыйзамсыз акция коомдук тартиптин бузулушуна алып келгенин билдирүүдө.

Навальныйдан башка анын Коррупцияга каршы уюмунун 12 мүчөсү кыска мөөнөткө камалышты.

Нааразылык акцияларын уюштурууга Коррупцияга каршы фондунун "Ал силерге Димон эмес" деген иликтөөсүнүн жарыяланышы себеп болду. 2-мартта чыккан фильмде өкмөт башчы Дмитрий Медведевдин “жашыруун империясы” - кымбат баалуу мүлкү, жер аянттары, яхталары жөнүндө айтылган. Фонд мунун бардыгы мыйзамсыз жол менен алынган деп эсептейт. Бирок премьер же анын өкүлдөрү фонддун жетекчиси Навальныйдын айыптоолоруна жооп кайтарышкан жок.

26-мартта нааразылык акциялары Санкт-Петербург, Тула, Краснодар, Хабаровск, Липецк жана башка шаарларда өттү. Активисттердин эсебинде Москвада миңден ашуун адам кармалган.

XS
SM
MD
LG